Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:16

Ливия: Завия шаары үчүн согуш жүрүүдө


Эрегишчилер чыгыштагы Рас Лануфтагы жеңишин майрамдоодо. 5-март, 2011
Эрегишчилер чыгыштагы Рас Лануфтагы жеңишин майрамдоодо. 5-март, 2011

Ливияда Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөр өлкөнүн түндүк-батышындагы көтөрүлүшчүлөр колундагы Завия шаарын курчоого алды.

Ливиянын чыгышындагы козголоңчулар Триполиге көздөй жөнөөрүн билдиришти.

Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөр менен козголоңчулар ортосунда Завия шаарында “өлүмгө-өлүм, канга-кан” деген уруш жүрүүдө. Би-Би-Си 5-мартта Завиянын борбордук бөлүгүнө Ливиянын аба күчтөрү жана артиллериясы дембе-дем сокку урганын билдирди. Анти-өкмөттүк күчтөр да, полковник Каддафинин аскерлери да шаар алардын колунда экенин ырасташууда. Жергиликтүү тургундардын айтышынча, бейшембиден бери жүрүп жаткан согушта кеминде 30 кишинин каны төгүлгөн.

Завиядагы көтөрүлүшчүлөрдүн басма сөз өкүлү Юсуф Сагандын маалымдашынча, Каддафиге караштуу аскерлер шаарга ишемби күнү таң агарып келатканда танкалардын коштоосунда жүздөгөн аскерлер чабуул койгон. Бу тушта артиллерия адаватчылар тарапты тынбай аткылап турган. “Биз Каддафинин күчтөрүнүн мизин кайтардык. Шаардын борбордук аянтына бизди колдогон эл чогулду”, деп билдирди Ройтерс агенттигине Юсуф Саган ишемби күнү бешимде. Анын айтымында, козголоңчулар бир жарым сааттык согушта эки танкты жана үч чопкутталган аскер машинесин колго түшүргөн.

4-мартта Ливиянын тышкы иштер министринин орун басары Халед Каим Завия шаары өкмөттүн колунда экенин, учурда аскерлер Калашников автоматы менен куралданган козголоңчулардын сары изине чөп салып жүргөнүн жарыя кылган.

Көтөрүлүшчүлөр Каддафинин аскерлерин артка кайтарганда колдогону үчүн Аллага алкоо айтышууда. Рас Лануф. 4-март 2011
А мына бул аксакал 42 жыл Ливияны каалагандай калчаган Муаммар Каддафини Алланын жардамы менен бийликтен оодарабыз деп, Кудайга жалбарат: “Мен Кудайдан Каддафини жогот деп сураймын. Мен анын башына түшкөн кара түндү көргүм келет. Жакында биздин тилегибиз орундалат деп үмүт кылам.”

Ливиянын чыгышында да согуш уланууда. Козголоңчулардын ордосу болгон Бенгази шаарындагы каруу-жарак сактоочу жай жарылып, 27 киши курман болгону маалымдалууда.

Ал эми ири мунай иштетүүчү ишкана жайгашкан Брега шаардык ооруканасынын дарыгери 5-мартта төрт адам өлгөнүн тастыктады:

- Согушта төрт киши курман болду. Буга бизде тийиштүү документтер бар. Дагы 24 киши жарадар болгон. Азыр биз ооруканадан алыстагы Раслануф мунай кениндеги салгылашта өлгөн адамдардын сөөгүн күтүүдөбүз.

Жума күнү эрегишчилер мунай иштетүүчү Рас Лануф шаарын толук ээлегенин билдирди. Бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыкташа элек.

Көтөрүлүштүн очогу, чыгыштагы Бенгази шаарында курал-жарак сактоочу кампа жарылып, 27 киши өлгөнү кабарланууда.

XS
SM
MD
LG