Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Ливиядагы кырдаал Брюсселде талкууланат


Ливиядагы кырдаал Европа Биримдиги менен НАТОнун тышкы иштер жана коргоо министрлеринин бейшемби (10-март) күнкү Брюсселдеги эки башка саммитинин баш темасы. Жума күнү Евробримдик бул маселе боюнча атайын жыйынга чогулат. Биримдик жана НАТО Ливиянын лидери Муаммар Каддафини токтоосуз бийликтен кетүүгө чакырышууда. Алар бирок Ливиянын үстүндө жабык аба мейкиндигин жарыялоо боюнча эки башка көз карашта. Франция жана Британия БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ливиянын аба мейкиндигинде учактар учпоочу аймак деп жарыялоосун сунуш кылгандардын топ башында турат. АКШ жана башка өлкөлөр ал үчүн кеңири эл аралык колдоо зарыл дешүүдө.

XS
SM
MD
LG