Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Бишкекте Жапониядагы зилзаланын курмандыктары эскерилүүдө


Бишкекте жарандык коомдун 50 гө жакын өкүлдөрү Жапон элчилигинин алдына келишип, зилзаланын курмандыктарынын элесине арнап гүл коюшту. Чогулгандардын көпчүлүгүн Жапониядан билим алып келгендер, журналисттер жана интернеттеги социалдык тармактардын колдонуучулары түзөт. Жер титирөөнүн курмандыктарын эскерүү иш-чарасын уюштуруу демилгесин интернеттеги "Фейсбук", "Твиттер" өңдүү социалдык тармактардын колдонуучулары көтөрүп чыгышкан.

11-мартта Жапониянын түндүк-чыгышында күчү 8,9 даражага жеткен жер титирөө катталган. Зилзаладан улам өлкөнүн бир катар аймактарын цунами баскан. Жапон бийлиги кырсыктан улам жүздөгөн адамдар каза болуп, миңдеген киши дайынсыз жоголгонун билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG