Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

"Мегаком" чырын тармактар аралык комиссия иликтеши мүмкүн


"Мегакомдун" ээси “Альфа Телекомдун” чырын териштирген парламенттеги жумушчу топтун жыйында чечим кабыл алынып, ага ылайык, премьер-министр Алмазбек Атамбаевге чырды териштирүүчү тармактар аралык комиссия түзүү сунушу жибериле турган болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ар кыл тармактардын өкүлдөрүнөн турган бул комиссия "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун айланасындагы коррупциялык схемаларды иликтеп, мыйзамсыз акча которууларды талдоого алууга тийиш.

“Мегаком” чырын териштирчү жумушчу топ 10-мартта алгачкы жыйынын уюштурган. Топтун курамына депутаттар Галина Скрипкина, Азамат Арапбаев, төраганын кеңешчиси Султан Медеров жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген. Аны парламенттин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектейт.

Апрель ыңкылабынан кийинки улутташтыруу жараяны учурунда “Альфа телеком” ишканасынын 49% акциясы мамлекеттин карамагына өткөн. 11-мартта Башкы прокуратура "Мегакомдун" азыркы жетекчилигинин ишинде мыйзам бузуулар болгонун билдирип, эки кылмыш иши козголгонун кабарлаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG