Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

Апрель окуяларына илимий баа берүү маселеси козголду


Апрель ыңкылабынын бир жылдыгына карата Бишкекте өткөрүлгөн илимий конференцияда 7-апрель окуяларына илимий жактан баа берүү маселеси көтөрүлдү. Иш-чарага катышкан Президенттин аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев Кыргызстанда буга чейин болуп өткөн эки ыңкылапка объективдүү илимий баа бериле электигин айтып, бул маселеге көңүл бурууга чакырды. Бир катар окумуштуулар апрель окуясын социалдык ыңкылап катары илимий жактан сыпаттоого болоорун билдиришти.

Бишкектеги Тарых музейинде өткөн илимий конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук жана саясий ишмерлер, апрель окуяларынын катышуучулары жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын соңунда Кыргызстанда болуп өткөн ыңкылаптар тууралуу илимий басылма, материалдарды даярдоого багытталган резолюция кабыл алынды. (KKs)

XS
SM
MD
LG