Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

“Кыргызгаз” Орусияга сатылат


Москвага сапары учурунда өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев “Кыргызгаздын” 75% акциясы "Газпромго" берилүүгө даяр экенин билдирди.

Жоготуулар менен коррупцияга кабылган “Кыргызгаздын” чет өлкөнүн колуна өтүшү калкты газ менен камсыздоону жакшыртабы, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу такыр колдон чыкпайбы деген суроолор дагы жок эмес.

"Кыргызгаздын" проблемалары

“Кыргызгаз” Кыргызстан калкын газ менен камсыздаган монополист ишкана. Газ Өзбекстандан сатылып алынат. Ташкен менен Бишкектин мамилеси жылуу болбогондуктан, жыл сайын кычыраган кыш мезгилинде газ боюнча сүйлөшүүлөр кыйынчылыктар менен коштолот.

Өзбекстан Кыргызстанга газды кошуна башка мамлекеттерге караганда кымбат сатат. Быйылкы жылы 1 миң куб метр газды 223 доллардан сатып алуу боюнча келишимге кол коюлган. Көлөмү көп эмес, 200 млн. куб метр.

“Кыргызгаздын” дагы бир проблемасы - жоготуулар. 2009-жылы мурунку жылга салыштырмалуу жоготуу эки эсеге көбөйүп, 24% жеткен. Бул 2009-жылы сатып алынган 240 млн. куб метр газдын 60 млн. куб метри жоголгонун билдирет. Жоготуулардын түбү коррупцияга барып такалат.

Акциялар кимдин колунда?

Мамлекеттин колунда “Кыргзгаздын” 82 пайыздан ашуун акциясы бар. Анын 75 пайызын "Газпромго" сатуу макулдашылууда. Мамлекеттен сырткары Социалдык фонддо 8%, калган 9, 91% акция менчик колдорго сатылган.

Сатуунун максаты тууралуу өкмөт башчынын кеңешчиси Фарид Ниязов буларды билдирди:

- Биринчиден, “Газпром” бизди газ менен туруктуу камсыз кылып турушу керек. Экинчиден,”Газпром” геологиялык чалгындоо иштерин күчөтөт. Бизди жерден газ да, мунай да табылат деп ишенимдүү айтып жатышпайбы.

“Кыргызгаздын” толук бойдон “Газпромго” берилиши менен өлкө мына ушул компаниядан газ боюнча толук көз каранды болуп калат деген чочулоолор да жок эмес.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов мына ушундай пикирде:

- Биздин өкмөт Орусия менен жакшы стратегиялык алака түзүүнүн ордуна, аларга кошомат кылып, баарын берели деп жатат. Мына чокунун атын берди. “Дастанды” берем дейт. Эми болсо газды берем дейт. Бул газ мамлекеттик стратегиялык нерсе болуп эсептелет. Газдын баасы, жеткирлиши эл менен байланышкан. Эгерде Атамбаев газдын баарын Орусияга берип койсо, парламентке эл арызданып келсе, биз эми орустарды чакырабызбы? Газдын баасы, сапаты, же башка маселе боюнча аларды угабызбы? Бизге келген күйүүчү майдын 90 пайызы “Газпромго” байланыштуу. Алар бир күнү Атамбаев уруша кетип, Бабанов менен урушкандай болуп, газдын кранын жаап койсо эмне болот?

Абдырахманов монополдук, стратегиялык ишканаларды башка мамлекетке толук көзөмөлгө берилбеш керек деген пикирин да кошумчалады.

“Кыргызгаз” жоготуу жана коррупцияга байланыштуу чыгашага учураган компания. Жыл сайын мамлекет ага жардам берип келет. Ошондуктан мындай ишкананы иштете албагандан кийин аны башкаларга берүү туура деген да пикирлер бар. Мындай пикирин тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов мындайча негиздеди:

- Мен туура эле карап жатам. Өзүңүздөр билесиздер, бүгүнкү учурда “Кыргызгаздын” жоготуусу өтө көп болуп жатат. Анын үстүнө бул тармак өнүгүүнүн ордуна жылдан-жылга көрсөткүчтөрүн азайтып баратат. Ошондуктан өзүбүздүн колдон келбегендиктен аны бериш керек. Анан биз эми отуруп алып эле уурдагандан башканы билбей жатпайбызбы. Мындай тармактын эмне кереги бар? Анан эң маанилүү нерсе деп ойлоп атканым, булар эми өзбектер менен мамиле түзүүгө жардам беришет.

Орусия “Кыргызгазды” колго алуу менен Казакстан жана Кытай багытында утушка ээ болушу мүмкүн. “Кыргызгаз” менен Казакстандын “Казтрансгаз” компаниясынын “Кырказгаз” биргелешкен ишканасы бар. Ал Өзбекстандан чыгып, Казакстан, Кыргызстан аймагы аркылуу Алматыга өткөн газ түтүгүнө кожоюндук кылат.

Андан сырткары “Кыргызгаз” Кыргызстан аймагы аркылуу Кытайга газ түтүгүн тартууну маанилүү стратегиялык маселе катары көрөт. "Газпром" да мындай активдерден кантип баш тартсын...
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG