Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Амано: "Фукусимадагы" кризис жөнгө салынат


Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин директору Юкио Амано Жапониядагы ядролук кризис жөнгө салынаарынан күмөн санабай турганын билдирди. Амано "Фукусимадагы" окуя мекеменин ролу кайра каралып чыгууга тийиш экенин көрсөткөнүн белгиледи. Өзөктүк кубат станциядагы кырдаал олуттуу бойдон калууда. 21-мартта жабыркаган реакторлордун биринен кайрадан түтүн чыга баштап, анда иштеген жумушчулар эвакуацияланган. Адистер "Фукусиманын" бардык 6 реакторунда электр зымдарын калыбына келтиришти. Бул аралыкта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму азык-түлүктөгү радиациянын деңгээли болжолдонгондон жогору болуп чыкканын билдирди. Жапония бийлиги 11-марттагы жер титирөө менен цунамиден 8 миң 900 адам набыт болгонун кабарлады. Дагы 12 миң 600 кишинин дайыны жок.

XS
SM
MD
LG