Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Медведев Путинди Ливияга байланыштуу сындады


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев өкмөт башчы Владимир Путиндин Ливиядагы жаңжал боюнча комментарийлерин "кабыл алынгыс" деп атады. Путин кечээ Коопсуздук кеңешинин резолюциясын "орто кылымдагы кресттүүлөр жүрүшүнө үндөөлөр" менен салыштырган. Орус премьери Ливиянын лидери Муаммар Каддафининин өкмөтү демократия принциптерин бузуп жатканын моюнга алуу менен катар, "бул – аскерий интервенцияны актабайт" деген. Медведев Путин тандаган сөздөрдү сындады. Президент "Орусия коалициянын Ливиядагы өнөктүгүнө катышпайт, бирок керек болсо арачылык кылууга даяр" деди.

XS
SM
MD
LG