Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Ливия: Каддафиге каршы “басымдын” төртүнчү күнү


АКШнын F16 учагы Италиядагы "Авиано" аба базасынан көтөрүлүүдө, 21-март, 2011
АКШнын F16 учагы Италиядагы "Авиано" аба базасынан көтөрүлүүдө, 21-март, 2011

Коалициялык күчтөр Ливияда Муаммар Каддафинин согуш объектилерине абадан сокку уруп жатышканына бүгүн төрт күн болду. Ошол эле учурда, эл аралык коомчулукта бул миссия дагы канчага созулаары жана аны ким башкараары жөнүндө бир чечим жок.

Өткөн түнү Ливиянын баш калаасы Триполиде абадан урулган соккунун үнү жаңырып турду. Мамлекеттик телеканал борбордогу бир топ жерлерге чабуул болгонун кабарлады.

Ливия өкмөтүнүн расмий өкүлү Мусса Ибрагим чабуулдардан көптөгөн тургундар жапа тартканын, порттор менен Сирте аба майданы да бузулганын айтты.

Ливиядагы атышууларды тезинен токтотуш керек
Франциянын маалымат агенттиги күбөлөрдүн бирине шилтеме жасап, Триполиден алыс эмес жерде жайгашкан Буссетта деңиз-аскер базасы бомбаланганын кабарлады. Ал эми “Ал-Жазира” телеканалы Бенгази шаарынын чыгышындагы эки аба базасы да чабуулдардан жабыркаганын билдирди.

Ливиянын лидери Муаммар Каддафини колдогон жана ага каршы чыккан козголоңчулардын ортосундагы атышуулар да уланып жатат. Каддафинин күчтөрү танкелерди колдонгону, Аджабиянын четирээк жагындагы аймактарды кайра басып алышканы да айтылууда. Батыштагы Мисрата, Зинтан шаарларын козголоңчулар көзөмөлдөп турушкан. Ал жакка да Каддафинин күчтөрү чабуул коюшканы кабарланды. Бирок өлкөдөгү үчүнчү ири шаар Мисратаны өкмөттүк күчтөр кайра тартып алышты деген кабарды оппозиция четке какты.

АКШнын аскер күчтөрүнүн F-15E аскерий учагы өткөн түнү Бенгазиге жакын жерде кулап түшкөн, 22-март, 2011
Өткөн түнү бир учагы кулап түшкөнүн АКШнын аскер командачылыгы техникалык эле мүчүлүштөрдөн болсо керек деп, учак чабуулга кабылган болушу мүмкүн деген жоромолду жокко чыгарнаесыды.

Америкалык расмий өкүлдөр азыр негизги маселе катары Бириккен улуттар уюмунун Ливия боюнча “эркин аба мейкиндиги” чечиминин мөөнөтүн узартууну аташууда.

Аба мейкиндигин "жабык" кармоо

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Ливиянын аба мейкиндигин “учууга мүмкүн эмес зона” деп жарыялаган резолюцияны өткөн аптанын бейшембисинде кабыл алган. Ал документте “Ливиянын элин Каддафинин аскерлеринен коргош үчүн баардык аракеттерди колдонууга уруксат берилет” деп айтылат.

Азырынча коалициялык күчтөрдүн негизги жетишкендиги катары алар Каддафинин аскерлерин оппозициянын көзөмөлүндөгү Аджабия жана Бенгази шаарларын басып алуудан токтотуп калышканын аташууда.

Бул операцияларда америкалык аскерлердин башчысы, генерал Картер Хэм кечээ Вашингтондо журналисттерге айтканына караганда, азыр ракета чабуулдары бир аз басаңдады, анткени Ливиянын абадан коргонуу системасынын көпчүлүк бөлүгү кыйратылды.

Ошол эле маалда, Бириккен улуттар уюму берген мандаттын мөөнөтү дагы канчага созулаары боюнча саясий дебат улам күчөп баратат.

Өткөн аптада резолюция боюнча добуш берүү учурунда Орусия менен кошо “калыс” калган Кытай бүгүн ок атышууларды тезинен токтотууга чакырды. Ливияда күч колдонулушу “карапайым калк ичинде жоготууларга жана гуманитардык кризиске гана алып келет” деп айтылат. Бирок расмий Бейжин Ливиядагы кырдаалга эл аралык коалиция күчтөрүнүн кийлигишкени жөнүндө айттыбы же өлкөнүн өзүндө эле өкмөттүк күчтөр менен оппозициянын кагылышы жөнүндө айтып жатабы – түшүнүксүз калды.

"Суралган" миссия

Эл аралык коалиция болсо чын-чынында Каддафинин бийликтен кетиши керектигин кыйытканы менен, анын азыркы чабуулдары “Ливиядагы элди коргоого гана багытталып жатканын” кайталап келет. “Эл аралык аскер күчтөрүн Ливияда деги ким башкарат?” деген суроо да жоопсуз калууда.

Коалициялык күчтөр АКШнын, Франциянын, Британиянын, Европадагы жана айрым арап өлкөлөрүнүн күчтөрүнөн турат, бирок бириккен командачылык жок.

Ал ортодо Ливиядагы кырдаалга карата дүйнөлүк лидерлер түрдүү пикирлерин айтып жатышат.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган бүгүнкү билдирүүсүндө Ливиядагы гуманитардык операциялардын башында Бириккен улуттар уюму турушу лаазым деди. Анын айтымында, Ливиядагы аскерий аракеттерге Түркия катышпайт.

"Биз Ливия калкынын эсендигин жана өлкөнүн ичиндеги тынчылыкты негизги максат деп билебиз, биздин аракеттерибиз да ошол максатка багытталган, - деди Эрдоган. - Түркия эч качан Ливиянын элине каршы багытталган куралдын бир бөлүгү болбойт".
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG