Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:40

Каддафинин аскерлеринен кайрат качууда


Каддафичил жоокердин жарактан чыккан танктын жанында жаткан бут кийими. Бенгази менен Аждабиян ортосундагы жол. 21-март
Каддафичил жоокердин жарактан чыккан танктын жанында жаткан бут кийими. Бенгази менен Аждабиян ортосундагы жол. 21-март

Ливиянын калкын коргоо боюнча эл аралык операцияга жооптуу АКШ генералы каддафичил күчтөр өлкө чыгышындагы көтөрүлүшчүлөрдүн таянычы Бенгази шаарынан артка чегингенин маалымдады.

Коалициялык күчтөрдүн ракета чабуулу Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин өлкө борбору Триполидеги резиденциясын кыйратты. Ошондой эле Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаарын көздөй бараткан танктар да олуттуу жоготууларга учурап, артка кайтарылганы маалымдалды.
Эл ичиндеги жоготуулар жөнүндө ырасмий маалыматтар жок. Абадан сокку урулган тушта полковник Каддафинин кайда болгону белгисиз.
Козголоңчулар Аждабиян шаарын ала албай калгандан кийин. 21-март

Ливиядагы операцияны жетектеген АКШ генералы Картер Хэм 21-мартта Германиянын Штуттгар шаарында жасаган билдиришинче, Каддафинин аскерлери коалициянын аба чабуулунан кийин “урушканга көп дилгир эмес” экенин көрсөткөн.

“Режимдин жердеги күчтөрүнүн Бенгазиге жылуусун токтотууга багытталган аба чабуулу ийгиликке жетти. Азыр жердеги күчтөр Бенгазинин түштүк багытын көздөй жылганын көрүүдөбүз. Биз, албетте, алардын кыймылын өтө кылдат байкап турабыз. Түрдүү маалыматтар боюнча режимдин кургактагы күчтөрү Бенгазинин жанында кайра чабуулга эрки же жөндөмү аз экенин билебиз”,-
деди генерал Хэм.

Анын сөзүнө караганда, БУУ бекиткен Ливиянын “учууга мүмкүн эмес зонасы” регионго коалицияга кошулган өлкөлөрдөн кошумча күч келгенден кийин 1 миң чакырымдык аралыкты камтыйт. Хэм ошондой эле альянстын миссиясына Каддафини аткылоо же козголоңчулардын кургакта чабуулга өтүүсүн колдоо кирбейт.

Эрегишчилердин маалымдашынча, 21-мартта Триполинин чыгышындагы Мисарата шаарында каддафичилер менен козголоңчулар ортосунда болгон салгылашууда кеминде 11 киши окко учкан.

Коалициялык күчтөрдүн Ливиядагы операциясы 2003-жылы Иракка АКШ башындагы күчтөр басып киргендер бери Араб өлкөсүнө каршы башталган эң чоң аскерий аракет. Операция БУУнун Коопсуздук Кеңеши 17-мартта кабыл алган резолюцияга жараша өткөрүлүүдө. Анын максаты - Муаммар Каддафиге караштуу күчтөрдүн элдин канын төгүүсүн болтурбоо.

Арап лигасынын баш катчысы Амр Муса 20-мартта коалициянын аба чабуулунан карапайым калк ичинде өлүм-житим болууда деп, операцияны сындаган эле. Бирок Амр Муса эртеси күнү жоошуп, БУУнун резолюциясын урматтаганын билдирди.

Премьер-министр Путин Воткинск шаарынын жанындагы ишканада. Удмуртия. 21-март
21-мартта Орусиянын премьер-министри Владимир Путин БУУнун Ливиядагы аскерий аракеттерди колдогон резолюциясын “орто кылымдардагы крестүүлөрдүн жортуулун” эске салат деди. Ал Орусия добуш бербей калыстык кылган резолюцияга “ынанып болбосун” белгилөө менен вашингтондук эл аралык иштерде аскер колдонуусу “кадыресе көрүнүшкө” айланып баратканына көңүл бурду: “Билл Клинтон президент кезинде Югославияны жана Белградды бомбалашты. Буш аскерлерди Ооганстанга жөнөттү. Алар андан соң жалган жүйө менен аскерлерди Иракка киргизишти жана Ирак жетекчилигин толук жок кылды. Саддам Хусейндин үй-бүлөсүнөн балдар да курман болду. Эми карапайым калкты коргойбуз деген шылтоо менен Ливияга кезек келди”.

Андан көп өтпөй президент Дмитрий Медведев билдирүү жасап, “кресттүүлөр жортуулу” сыяктуу сөздөр цивилизациялардын кагылышына алып барат деп, Владимир Путинди дүйнөлүк саясатка баа берүүдө кылдат болууга чакырды.

Британия, Франция, Италия, Канада жана башка өлкөлөр менен чогуу Ливиянын абадан коргонуу системаларына сокку урган Кошмо Штаттар Ливиянын аба мейкиндигинде “учууга мүмкүн эмес зона” түзүлгөнүн же БУУнун резолюциясы аткарылганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG