Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Каддафинин кайда экени белгисиз


Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөрдүн огунан курман болгон адамдардын тажиясы. Бенгази. 21-март 2010
Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөрдүн огунан курман болгон адамдардын тажиясы. Бенгази. 21-март 2010

Ливия лидери Муаммар Каддафинин өлкө борбору Триполидеги жеке резиденциясы кечээ урулган ракета чабуулунан олуттуу зыяр тартты. Абадан сокку урулган тушта полковник Каддафинин кайда болгону белгисиз.

Эл аралык коалициянын күчтөрү 21-мартта Ливиянын аскерий объекттерине ракетадан сокку уруунун экинчи толкунун баштады. Аба чабуулунан өлкө лидери Муаммар Каддафинин борбор калаа Триполидеги резиденциясы олуттуу зыян тартты. Ошондой эле Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаарын көздөй бараткан танктар да талкаланды. Жарандар арасындагы жоготуулар жөнүндө ырасмий маалыматтар жок.
Козголоңчулар урушта жарадар болгон жолдошун алып баратышат. 2 Аждабия шаарынын чети. 21-март 2011

20-мартта Каддафинин өкмөтү коалициялык күчтөрдүн чабуулу ишемби күнү башталгандан бери кеминде 48 киши өлүп, 150дөй адам жарадар болгонун кабарлаган. Бул кабарды көз карандысыз булактар тастыкташкан эмес.

Ливиядагы аба чабуулуна Кошмо Штаттар, Британия, Франция, Канада жана башка мамлекеттердин согуштук авиациясы катышты. АКШнын маалымдашынча, чабуулдун натыйжасында Ливиянын аба мейкиндиги “учактар үчүн жабык зона” болсун деген БУУнун Коопсуздук Кеңешинин өткөн жумадагы резолюциясы аткарылган, эл турган жайлар аткыланган эмес.

АКШ Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын акими, вице-адмирал Уильям Гортни коалициялык күчтөр Муаммар Каддафини бутага алышпаганын жана сокку негизинен Ливиянын абадан коргонуу күчтөрүнүн өңүттөрүнө урулганын билдирди: “Режимдин абадан коргонуу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтүүдө, анын ичинде алардын узак аралыкка жетүүчү жер-аба ракеталарын атуучу SA-5 системасын иштен чыгаруу жагын алганда береги чабуулдар өтө натыйжалуу болду”.

АКШнын "F16" аскерий учагы Италиядагы Авиано аэродромунан көтөрүлүүдө. 21-март 2011
Ливиядагы аскерий операция 2003-жылы Иракка АКШ башындагы күчтөр басып киргенден бери Араб өлкөсүнө каршы башталган эң чоң аскерий аракет.

Уильям Гортни 20-мартта Пентагондо өткөргөн маалымат жыйынында Каддафинин абадан коргонуу күчтөрү эч кандай активдүүлүк көрсөтпөгөнүн да кошумчалаган:

- Режим тарабынан аба мейкиндигинде эч кандай аракеттер болбоду. Биз абадан коргонуу күчтөрүнүн сокку урулган өңүттөрүнөн радарлардын нур бөлүп, иштегенин байкабадык. Ливиянын радардык чалгындоо станцияларын пайдалануу олуттуу өлчөмдө азайды.

Араб Лигасынын башкатчысы болсо 20-мартта коалициялык күчтөр Улуттар Уюму берген мандатты кандай аткарып жатып, жарандар арасында чыгымга жол бергенине тынчсызданганын билдирген.

Амр Муса Каирде сүйлөп: "Эгемендүүлүк өлкөгө басып кирүү же басып алуу же күнкөрсуздугуна таасир этүү эмес, карапайым элди коргоо. Жарандарды коргоо үчүн аскерий операциянын кереги жок. Жарандарды коргоо үчүн “учууга тыйуу салынган зонаны” камсыздоо аракети гана керек. Биз эң башынан ушул нерсени сураганбыз", - деген.

Ал бирок 21-мартта БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен Каирде болгон кездешүүдө Улуттар Уюмунун резолюциясын урматтай турганын, анткени Коопсуздук Кеңешинин чечими “жарандарды” каддафичилердин чабуулунан коргоорун билдирди. Өз кезегинде Пан Ги Мун “катаал жана чечкиндүү чаралар” гана Каддафинин өкмөтүнүн өз элин өлтүрүүсүнө жол бербесин айтты.

XS
SM
MD
LG