Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Ливиялык эрегишчилер 3 млрд. доллар насыя издешүүдө


Ливиянын чыгышындагы көтөрүлүшчүлөр өлкө экономикасын кризистен сактоо үчүн 3 миллиард доллар издешүүдө. Адаватчылардын Улуттук Кеңешинин экономика жана мунай министри Али Тархуни 3-майда Франция, АКШ жана Италияга кайрылып, Батышта камакка алынган Каддафинин өкмөтүнө таандык акча эсебинен 3 миллиард доллар насыя берүүнү сурады. "Ансыз Ливиянын экономикасы быйыл жайдан өтпөй кыйрайт" дешет эрегишчилер.

Тархунинин сөзүнө караганда, кредит алуу маселеси адаватчылар менен Батыштын өкүлдөрүнүн 5-майда Римде болчу жыйынында такталат. Римдеги жыйын Ливиядагы согушту токтотуунун саясый жолун издөөгө багытталган.

XS
SM
MD
LG