АКШ президенти Барак Обама “ал-Кайиданын” лидери Усама бин Ладендин өлүгүнүн сүрөтү коомчулукка жарыяланбасын деп чечти. Буга байланыштуу Ак үйдүн өкүлү Жей Карни мындай билдирүү жасады:
- Бул бетине, тагыраак айтканда, башына атып өлтүрүлгөн адамдын сүрөттөрү. Бу сыяктуу сүрөттөр, мурда болгондой, антиамерикалык маанайды козгоочу икон болуп калуусу - биздин улуттук кызыкчылыгыбызга ылайык эмес. Президент үчүн эң маанилүүсү - АКШ жарандарынын үйдөгү жана чет өлкөлөрдөгү коопсуздугу. Бин Ладен өлгөнүн тастыктоо үчүн бул сүрөттөрдү жарыялоонун кажети жок. Президент аны жарыялоонун башка жүйөсүн көргөн жок.
Бин Ладен 1-майда Пакистанда америкалык атайын күчтөрдүн операциясы маалында өлтүрүлгөн.