Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Египет улуттук коопсуздук үчүн «темир тартип» орнотот


Бул тууралуу египет бийлиги Каирде мусулмандар менен тарса-христиандар мушташып, анда кеминде 10 киши набыт болгондон кийин билдирди. Юстиция министри Абдел Азиз ал-Гинди «улуттук коопсуздукка жик салууну көздөгөндөрдү бийликтер катуу кармай тургандыгын» кабарчыларга айтты.

7-майда шамдан кийин Каирдин батыш бөлүгүндө мусулмандар менен тарса-христиандар мушташып, бери дегенде 10 киши өлгөн. Кагылышта бир чиркөө өрттөлгөн. Египеттин премьер-министри Перс кысыгындагы мамлекеттерге пландалган сапарынан баш тартып, өкмөттүн чукул жыйынын чакырды.

XS
SM
MD
LG