Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:07

Жарандык коом биолаборатория курулушуна каршы чыгууда


Бишкете бүгүн Ботаникалык бактын аймагына курулу турган БСЛ-3 биолабораториясынын курулушу талкууланды. Лабораториянын аталган жайга курулушуна жарандык коом каршы чыгууда. Алардын жүйөөсүндө өзгөчө коркунучтуу, жугуштуу вирустарды изилдеген бул лабораториядан ооруулар тарап кетүү коркунучу бар. Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Курманбек Өмүралиев болсо, ага жаңы эл аралык стандарттарга туура келчү жабдуулар орнотуларын, ал жайда вирустарды жана штаммдарды кармоо эрежелери сакталарын билдирүүдө.

Улуттук биологиялык лаборатория куруу аракети Канада өкмөтүнүн Глобалдык өнөктөштүк программасынын алкагында ишке ашырылууда. Бул лабораториянын курулушун 2011-жылы баштап, 2013-жылы бүткөрүү пландалууда. Лабораториянын курулушуна Бишкектеги Ботаникалык бактын аймактан 4 гектар жер бөлүнүп берилген.

Буга чейин жарандык коомдун айрым өкүлдөрү биолабораториянын аталган аймакка курулушуна каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. “Таза табигат” уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева учурда биолаборатория курууга каршы беш миңге чукул кол топтолгонун “Азаттыкка” билдирди. Эл аралык тажрыйбада мындай жайлар ай-талаада, ээн жерлерде курулат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG