Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Аппатурай: НАТО Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө даяр


Кыргызстанга бир күндүк иш сапары менен келген НАТОнун Борбордук Азия жана Кавказ боюнча атайын өкүлү Жеймс Аппатурайды президент Роза Отунбаева кабыл алды. Жолугушуу учурунда Кыргызстан менен НАТО ортосундагы кызматташтык талкууланды. Ошондой эле НАТОнун чек араларды жана чек ара аскерлеринин потенциалын бекемдөө боюнча көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгү туурасында сөз болду. Мамлекет башчы өткөн жумада Баткен облусундагы чек ара аймагындагы райондордо болгондугун айтып, чек ара заставаларынын жабдуулары жетишсиз экендигине көңүл буруу менен НАТО жетекчилигинен бул багытта жардам көрсөтүүнү өтүндү.

НАТОнун Башкы катчысынын Атайын өкүлү Жеймс Аппатурай НАТО Кыргызстан Коргоо министрлигинин артиллерия жана ракеталык куралдары сакталган жайларын капиталдык ремонттон өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин, анын ичинде өзгөчө басым өлкөнүн түштүк регионуна жасала тургандыгын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG