Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Футбол: "Барселона" - Испания чемпиону


11-майда "Леванте" менен 1-1 эсебинде тең чыккандан кийин Барселонанын командасы Испаниянын 21-жолку чемпиондук наамын эртелей эле жеңип алды. Эми аны такымдап келаткан Мадриддин "Реалы" калган эки оюнду утуп, ал эми "Барселона" утулган күндө да упайлары бирдей чыгат. Бирок эки атактуу клубдун жекеме-жеке беттешүүлөрүндө "Барселона" атаандашын анын майданында былтыр 5:0 эсебинде утуп, өз жеринде 1-1 ойношкон. Демек, эреже боюнча, жеке беттешүүлөрдө ким көп упай алса, ошого артыкчылык берилет. Калган эки оюнда "Барселонанын" утулушуна бир да футбол билерманы ишенбейт. Ошентип, каталондуктар 2008-жылы Хосеп Гвардиола машыктыргыч болуп келгенден бери катары менен үч жолу биринчиликке татыды.

XS
SM
MD
LG