Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Жогорку Сот Наримандагы кандуу окуяны карайт


Бүгүн Жогорку Сот Ош облусундагы Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Адылбек Султанов менен анын айдоочусу Уран Шамурзаевдин өлтүрүлүшү боюнча ишти териштирүүнү баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Султанов менен Шамурзаев былтыр 13-июнда Кара-Суудагы Нариман айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул иш боюнча тогуз адам күнөлүү деп табылып, райондук жана облустук сот бешөөнү өмүр бою эркинен ажыратып, бирөөнү беш жылга, ал эми калган үч адамды сегиз, беш жана төрт жылга кескен болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG