Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:17

Индиянын премьер-министри Ооганстанда


Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх коопсуздук маселелерин сүйлөшүү үчүн бүгүн Ооганстанга келди. Индиялык өкмөт башчы эки күн бою Ооганстанда коопсуздукту күчөтүү үчүн жардамды кеңейтүүнү талкуулайт. Индия - Ооганстанда талиптер 2001-жылы бийликтен кулатылгандан бери өлкөнү кайра куруу иштерине 1,3 млрд. доллар берген. Сингх соңку алты жылдан бери алгачкы жолу Кабулга келип отурат. 2002-жылдан бери ооган президенти Индияга 10 жолу барган.
XS
SM
MD
LG