Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Отунбаева: Баш мыйзамга 2020-жылга чейин өзгөрүү киргизилбеши керек


Баш мыйзамга 2020-жылга чейин өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилбеши керектигин президент Роза Отунбаева бүгүн өзүнүн видеоблогунда билдирди. “Мен Конституция иштеши үчүн, ага өзгөртүүлөр киргизилбеши үчүн бекем тура тургандыгымды белгилеп койгум келет. “Бийликке келсек, Конституцияны өзгөртөбүз” деген саясий күчтөр бар экендигин билебиз. Бирок алар терең жаңылышат деп ойлойм. Бизде жаңы Конституциянын негизинде шайланган парламент бар жана ал өз укуктарын коргой алат”, - деди өлкө башчысы. (EK)

XS
SM
MD
LG