Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Жибек Сакееванын соту 26-майга жылды


Индонезияда маңзат менен кармалган кыргызстандык Жибек Сакеевага карата сот кийинки бейшембиге жылдырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аны агасы Турат Сакеев билдирди. 18-майга белгиленген сот отуруму котормочу жоктугуна байланыштуу жылдырылган. Буга чейинки сот отурумдарына Кыргызстандын Малайзиядагы консулу Азамат Кайбалаев катышып, Сакееванын таламын талашып келген.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун билдиришинче, мамлекеттик айыптоочу Сакееваны 15 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат, ал эми жактоочулар 5 жылга кесүүнү өтүнүшүүдө.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 25-27-май күндөрү Индонезияга иш сапары менен барат. Ал жакта көтөрүлчү маселелердин бири Сакеева тууралуу болуп, аны Кыргызстанга кайтаруу аракети көрүлөрү буга чейин маалымдалган. (EK)

XS
SM
MD
LG