ОшМУнун профессордук-окутуучулук жамаатынын айрым өкүлдөрү бул окуу жайдын мурдагы ректору Муктар Орозбековдун билим берүү министринин орун басарлыгына дайындалышына нааразылык билдирүүдө. “ОшМУнун мурунку ректору Муктар Орозбековго 2010-жылдын 23-сентябрында каржы иштери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлгөн. Ал эми 2011-жылдын март айында документтерди мыйзамсыз жасаган деген айып менен ал баштаган ОшМУнун бир нече кызматкерлерине кылмыш иштери козголуп, тергөө улантылып жатат.” –деп билдирди ОШМУнун доценти Адылбек Батыралиев “Азаттыкка” . Бул себептен ал “Муктар Орозбековдун билим берүү министринин орун басары болуп бекитилиши өкмөткө абийир алып келбейт” – деп эсептейт.
Бүгүн өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Билим берүү министринин орун басары Борис Кубаев кызмат ордунан бошотулуп анын ордуна Муктар Орозбеков бекитилген. Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан ОШМУ жамаатынын кайрылуусу боюнча азырынча маалымат жоктугун "Азаттыкка" билдиришти. (EK)