Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Пешавардагы жардырууну талиптер мойнуна алышты


Пешаварда америкалык автоколоннага жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы өз мойнуна алды. Пакистандагы АКШ элчилигинин маалыматына караганда, жардыруудан америкалык жарандардан эч ким олуттуу жабыркаган жок, жергиликтүү бир тургун мерт болду, 10 киши жарат алды. Жардырууну жанкечти жасады же унаага байланган жардыргыч зат жарылды деген эки божомол айтылууда.

Мурдараак Пакистандагы "Талибан" кыймылы америкалык атайын операция аркылуу жок кылынган "ал-Кайида" лидери Усама бин Ладендин өлүмү үчүн өч аларын жарыялаганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG