Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

Бишкекте жаңы конуштардагы жаштар форуму өтөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” жаштардын “ЭрЭп” бирикмесинин жетекчиси Мирзат Ажиев кабарлады. Иш-чара конуштарды жашылдандыруу, ал жактагы жаштарды коомдук иштерге тартуу максатында ишин баштаган “Жаңылануу” долбоорунун алкагында өтөт. Ажиевдин айтымында, форумга Бишкектин 10 жаңы конушунун демилгелүү жаштар тобу катышат. Бишкек мэриясы, шаарды өнүктүрүү борбору жана Жаштар министрлигинен өкүлдөр катыша турган форумда конуштарды өнүктүрүүгө арналган төрт кичи долбоорлордун ачылышы сунушталат. Иш-чараны АКШнын Эл аралык өнүктүрүү долбоору колдоого алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG