Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Британия Ливияга согуштук тикучар жөнөтүүнү ойлонууда


Ливиялык козголоңчулар Вашингтондо өз өкүлчүлүгүн ачат. АКШ жетекчилигинин мындай сунушун адаватчылардын Убактылуу кеңеши кабыл алганын Бенгази шаарында үч күндүк сапарда жүргөн АКШ мамкатчысынын орун басары Жеффри Фелтман билдирип, Муаммар Каддафини тезинен өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды:

- Полковник Муаммар Каддафи чабуул жасап, коркутуп-үркүтүп жана айоосуз басмырлап жатып, Ливиянын элин мыйзамдуу башкаруу укугунан ажырады. Ал Ливияны көзөмөлдөй албайт жана токтоосуз кетүүгө тийиш.

Британиянын аскерий өкүлү Ник Харвей Лондон Ливияга согуштук тик учарларды жөнөтүү маселесин али чече элегин маалымдады. Мурдараак НАТОнун мүчөсү Франция эки өлкө тиручарларды Ливияга жиберет деп билдирген эле.

Шейшемби күнү таңга жуук НАТОнун согуштук учактары Ливиянын байтакты Триполиге катма-кат сокку урду.

XS
SM
MD
LG