Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Жогорку окуу жайларды реформалоо маселеси талкууланат


Бүгүн Бишкекте билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, окуу жайларда олуттуу реформа жасоо маселеси талкууланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кесилиш клаб” интеллектуалдык клубунун мүчөсү Азиз Иса кабарлады. “Кесилиш клабдын” реформаларды жасоо багытында иликтөөлөрүнүн жыйынтыктары көрсөтүлүп, сунуштар айтылмакчы. Аталган клубдун иликтөөсү Кыргызстандагы менчик окуу жайларда билим берүү сапаты жакшы экенин көрсөткөн.

“ЖОЖдордун бюджети ачык-айкын болушу керек. Университеттин администрациясы студенттерден түшкөн каражаттын кайда жумшалганы тууралуу маалымат берип туруусу зарыл. Окуу жайлар менчик болуп, лицензия жоюлуш керек. Ошондо атаандаштык күчөйт”, - дейт Азиз Иса. Талкууга билим берүү жана илим министри Канат Садыков, депутаттар, эксперттер катышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG