Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Коогалаң боюнча депутаттык комиссиянын бүтүмү 2-июнда талкууланат


Июнь коогасы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын бүтүмү парламент талкуусуна кийинки бейшембиде (2-июнда) коюлат. Мындай чечим Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Кээ бир депутаттар комиссия отчетун жабык эшик артында талкуулоо демилгесин көтөрүшүүдө. Парламент төрагасы Акматбек Келдибеков июнь коогасы боюнча түзүлгөн комиссиянын бүтүмүнүн парламенттеги талкуусуна президент Роза Отунбаеванын да катышуусун эп көрүүдө.

Июнь коогасы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия мүчөлөрү үч баяндама менен чыгышат. Жалпы комиссия бүтүмүнөн тышкары Социал-демократтар фракциясынан депутат Исмаил Исаков жана “Ата Журт” фракциясынан депутат Жылдыз Жолдошева июнь коогасы боюнча өзүнчө баяндамаларды даярдаган. Отчет жыйынтыктарындагы айырмачылыктар саясий элитанын чачырашына алып келет деп чочулаган айрым депутаттар бул боюнча талкууну 1-июндан кийинкиге жылдыруу сунуштарын да беришти. (EK)

XS
SM
MD
LG