Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:47

Жалал-Абадда милиция күчөтүлгөн режимде иштөөдө


Бул тууралуу“Азаттыкка” Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаев билдирди. Анын айтымында, июнь коогасынын бир жылдыгына байланыштуу киши көп жүргөн жерлер, коомдук жайларда күзөт күчөтүлдү. Милиция кызматкерлери күнү-түнү кезектешип иштеп, көчөлөрдө кайгуул күзөт жүргүзүлүүдө. “Ар кандай ушактарды текшерүү, тактоо иштери жүрүүдө. Азыр облуста кырдаал тынч”, - дейт Сусунбаев.

Буга чейин Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимге өткөнү кабарланган. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG