Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

НАТО Ооганстанда куралсыз адамдардын өлүмү үчүн кечирим сурады


Түштүктөгү Хелманд вилоятында ишембиде америкалык аскерлер абадан чабуул койгондо 10 жаш бала, эки аял жана эки эркек мерт болушканын ооган бийликтери айткан эле. Бул боюнча президент Хамид Карзай кечээги билдирүүсүндө “чабуулдардан ооган балдары менен аялдары өлүп жатат” деп, мындай окуялар кайталанбашын талап кылган. Карзай муну "АКШга акыркы эскертүү” деп атаган. Вашингтондо болсо Ак Үй Карзайдын камтамачылыгын “өтө олуттуу” карап жатканын билдирген эле. НАТО болсо ишембидеги окуя үчүн кечирим сурап, Хелмандда алар "куралчан козголоңчулар болушу мүмкүн" делген үйгө абадан сокку урушканын, окуяда тогуз адам мерт болгонун айтты.

XS
SM
MD
LG