Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Германия 2022-жылы атомдук энергиядан толук баш тартат


Өлкөдө 11 жылдын ичинде баардык атомдук станциялар жабылаарын Германияда бийликтеги коалиция бүгүн таң эртелеп жарыялады. Быйыл мартта зилзаладан жана цунамиден жабыр тарткан Жапонияда “Фукушима-Дайичи” атомдук станциясындагы кырсыктан кийин Германияда бул өңдүү станцияларды колдонуу канчалык коопсуз экени тууралуу кызуу талкуулар жүрүп келген эле. Германия дүйнөдөгү инсдустриалдык ири мамлекеттердин ичинде атомдук энергиядан баш тартаарын расмий билдирген алгачкы өлкө болуп калды. Жапониядагы кырсыктан кийин же андан бир аз мурдараак Германияда сегиз реактордун иши токтотулган. Алар кайра ишке киргизилбейт дешти. Айлана-чөйрөнү коргоо министри Норберт Роеттгендин айтымында, алты реактор 2021-жылга чейин жабылат. Акыркы үч реактордун иши 2022-жылы токтотулат.

XS
SM
MD
LG