Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Тынчтык Корпусунун жаңы ыктыярчылары ант беришет


Бүгүн Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Тынчтык Корпусунун жаңы ыктыярчыларынын ант берүү аземи өтөт. Ошондой эле Тынчтык Корпсунун 50 жылдык маарекеси да белгиленмекчи.

АКШнын Кыргызстандагы элчилилигинин маалымдашынча, ыктыярчылардын теңинен көбү эки жыл бою Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында мектептерде англис тилинен сабак беришет. Айрымдары медицина тармагын, бейөкмөт уюмдардын өнүктүрүү иштерине аралашат. Тынчтык Корпусунан алгачкы ыктыярчылар Кыргызстанга 1993-жылы келишкен, ошондон бери өлкөдө жалпысынан 840тан ашуун америкалык ыктыярчы болуп кайтты. (EBM)

XS
SM
MD
LG