Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Иран түрмөсүндө Кыргызстан жараны кармалууда


Бул тууралуу маалымат Акыйкатчы Турсунбек Акун Иран Ислам Республикасына барган учурда белгилүү болгон. Акыйкатчы инситутунун маалымат казматынын билдирүүсү боюнча, Тегеран шаарындагы Эвин түрмөсүндө 29 жаштагы, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Улмаз Маматханов кармалууда. Маматханов 2009-жылы май айында Мешхед шаарындагы аэропортто Бишкекке келаткан учактан кармалган. Турсунбек Акун Иран мамлекеттик инспекциясынын башчысы М.Пурмохаммади менен жолугушкан учурда Кыргызстан жараны тыңчы деп айыпталып, 20 жылга соттолгонун билдирген.

Акыйкатчы Маматханов менен телефон аркылуу байланышканда ал сот өткөн жылы өкүм чыгарганын, соттук жараянга өзү катышпаганын, түз же кыйыр түрүндө күнөөлөрү далилденбегенин жана өзү ишкер экенин билдирген. Бул маалыматты билип, коомчулукка айтпады деп Акун Тышкы иштер министрлигин сынга алууда. Учурда Акун Маматхановдун туугандары менен байланышууга аракет кылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG