Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Google: кибер чабуул болгон беле?


Google компаниясынын Бээжиндеги мурдагы баш кеңсесинин имараты.
Google компаниясынын Бээжиндеги мурдагы баш кеңсесинин имараты.

Кытай Google компаниясындагы электрондук даректерге тыңчылык кылууну көздөгөн хакердик чабуулга тиешеси бар деген маалыматтарды төгүндөдү.

Аталган интернет компаниянын билдиргенине караганда, америкалык жогорку даражалуу чиновниктердин, аскер кызматчылардын жана журналисттердин, кытай активисттеринин электрондук даректери бутага алынган хакердик чабуул кытай тараптан жасалган.

Google соңку хакердик чабуул үчүн кытай бийликтерин тикелей айыптабады, бирок хакерлер Кытайдын Шандун провинциясынын Цзинан шаарынан туруп аракеттенишкенин билдирди. Google компаниясындагылардын айтымында, хакерлер Gmail системасын колдонгон жүздөгөн почта ээлеринин жеке паспортторун уурдоого аракеттенишкен.

“Биздин компания паролдорду мыйзамсыз колдонуу жана почта системасына мыйзамсыз кирүү аракеттерин байкап, муну үзгүлтүккө учуратты. Биз бул тууралуу кызыкдар тараптарды жана тиешелүү өкмөттүк уюмдарды кабардар кылдык”,- деп айтылат компания тараткан билдирүүдө. Google ошондой эле сыр сөздөр (пароль) электрондук почта кызматын тартуулаган Gmail системасынын коопсуздугун бузуу аркылуу эмес, пайдалануучуларды алдоо жолу менен алынганын кошумчалады.

Google компаниясынын Европа, Жакынкы Чыгыш, Африка чөлкөмүндөгү тышкы байланыштар боюнча директору Питер Баррон мындай дейт:

- Өнөктүк Кытайдан, Цзинан шаарынан башталгандай. Андан Gmail системасындагы жеке электрондук дареги бар жүздөгөн колдонуучулар, алардын арасында АКШ өкмөтүнүн жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү, кытайлык саясий активисттер, Азиянын бир канча өлкөлөрүнүн расмий адамдары, аскер кызматчылар жана журналисттер жабыр тарткан сыяктуу. Бул аракеттин максаты бул электрондук дарек ээлеринин каттарынын мазмунуна мониторинг жүргүзүү өңдөнөт.

Бул кибер чабуулга кабылган адамдар маанилүү маалыматтарга ээ экендиги тууралуу факт Кытайдын аймагындагы хакерлер кибер тыңчылык кылууну көздөгөнбү деген шек саноолорду жаратпай койгон жок.

Бирок кытай өкмөтү хакердик чабуулдар үчүн күнөөнү аларга жүктөө аракети “кабыл алынгыс” экендигин билдирүүдө. Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хон Лей 2-июнда Бээжиндеги басма сөз жыйында буларды айтты:

- Хакерлик бул эл аралык көйгөй. Кытай өзү да мунун курмандыгы болуп жүрөт. Кытай өкмөтү хакерлердин иш-аракетин колдойт дегендик толугу менен негизсиз. Кытай өкмөтүн айыптоо кабыл алынгыс. Биз компьютер жана интернет коопсуздугуна абдан чоң маани беребиз жана өкмөт интернетти мыйзамга ылайык көзөмөлдөйт. Интернет колдонуучулардан мыйзамды жана керектүү эрежелерди сактоону талап кылат.

Мамилелер ансыз да татаал

Соңку окуя эми америкалык компания менен кытай бийликтери ортосундагы ансыз деле жакшы эмес алаканы дагы татаалдаштырчудай. Былтыр Google Кытайдагы ишин жарым-жартылай токтотууга аргасыз болгон. Анда компания Кытай бийликтери менен цензурага жана анын инфраструктурасын колдонгон адам укугун коргоочуларга каршы өтө уюшулган кибер чабуулдарга байланыштуу чатакташкан.

Расмий Бээжин анда да буга тиешеси бар деген ырастоолорду негизсиз деп четке каккан. Бээжин Google компаниясынын Кытайда иштөөгө укук берген лицензиясын былтыр июнда жаңырткан. Муну утурлай америкалык компания анын Кытайдагы издөө сайтын колдонгондору Гонконгдо цензураланбаган сайтка автоматтык түрдө которууну токтотууга макул болгон эле.

Бээжин интернеттеги мазмунду катуу көзөмөлдөйт, өзү үчүн зыяндуу делген маалыматтарды, саясий жактан сезимтал материалдарды алып салат.

Google компаниясынын соңку жарыясынан кийин Ак үй өз иликтөөсүн жүргүзүп жатканын, бирок АКШ өкмөтүнүн электрондук почталары бузулганына ишенбей турганын айтса, ФБР чабуулдун соңунан компания менен иштешип жатканын билдирди.

Компьютердеги кибер чабуулдар соңку жылдары көп кайталанган көрүнүшкө айланууда. Мындан улам АКШнын Коргоо министрлиги - Пентагон кибер чабуулдардан коргонуу стратегиясын иштөөгө киришкен, ал ушул айдын ичинде даяр болот деп күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG