Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Нааразылык чарасы эми Улуттук университетке жетти


Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин алдында профессордук окутуучу курам жана студенттерден турган 100гө чукул адам окуу жай ректору Алыбек Акуновдун кызматтан кетишин талап кылууда. Ректорго "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды", "кадрдык саясатты туура эмес жүргүзүүдө" деген айыптар коюулуп жатат.

Университеттин баш корпус имараты алдында чогулгандарга ректор өзү чыга элек, бирок митингчилер алдына билим берүү министри Канат Садыков келди. Министр “талаш тегин жерден чыкпаса керек, бул боюнча териштирүү болот” деп билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG