Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Сирия өкмөтү "козголоң чыкты" деп жатат


Сириянын мамлекеттик сыналгысына ылайык, түндүк-чыгыштагы Жиср ал-Шугур шаарында жүздөгөн куралчандар менен кагылышта 120 коопсуздук кызматкери окко учканын кабарлады.

Ички иштер министри Ибрахим Шаар өкмөт мамлекетке каршы чабуулдарга "чечкиндүү" чара көрөт деди. Активисттер козголоң демонстранттарга каршы ок ачуудан баш тарткан тартип коргоочуларды коопсуздук кызматтары атып салгандан башталды деп ырасташууда.

Кабарларда коопсуздук күчтөрүнүн көчөлөрдү тосмологон куралчандар менен салгылашы уланып жаткандыгы айтылат. Сирияда президент Башар ал-Асадга каршы толкундоолор март айынан бери токтобой келатат.

XS
SM
MD
LG