Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:37

Кыргызстан ТИМи Өзбекстандан депортацияланган келиндер боюнча нота жолдоду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин жооптуу өкүлү Алмаз Имангазиев кабарлады. Анын айтымында, Өзбекстан жарандарына 10-20 жыл мурда турмушка чыккан кыргыз жарандары Өзбекстан аймагында каттоосу жок жашап жүрүшкөн. Кыргыз тарап ажырап калган үй-бүлөлөрдү бириктирүү маселесин өзбек тарап менен биргеликте чечүүнү көздөп жатат. Өзбекстандын мындай кескин чечим кабыл алышына эмне себеп болгону аныктала электигин Имангазиев тактады. Ушул тапта үй-бүлөсүнөн бөлүнүп калган 30 келин Кыргызстандын түштүгүндө жашап жатат. Алар Өзбекстандан апрель айында чыгарылып салынган. (AzK)

XS
SM
MD
LG