Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Human Rights Watch: Кыргызстанда кыйноолор али көп


Баяндамада негизинен июнь каргашасынан кийин адамдардын сот адилеттүүлүгүнө болгон укуктарынын көп бузулуп жатканына көңүл бурулган. “Хьюман Райтс Уотч” уюму июнь коогалаңы боюнча иликтөөлөр жана тергөөлөр бурмаланганын, адилеттиктен тайып, кыйноолор көп болгонун жана бул боюнча видеоматериалдар бар экендигин билдирди.

Уюмдун изилдөөчүсү Уле Солванг кыйноолор боюнча 65 кайрылуунун үстүндө иш алып барганын, мындай кайрылуулар боюнча Башкы прокуратура тийиштүү иштерди жүргүзбөгөндүгүн билдирди. Соттук жараяндардарда коопсуздук сакталбагандыктан адвокат, сотторго басым болгондугу айтылган.

Уюмдун өкүлдөрү түштүккө октябрь, ноябрь, декабрь айларында барышып, жабырлануучулар менен түздөн түз сүйлөшүүлөр болгон. Отчеттун жыйынтыгы менен кыргыз бийлигине 5 пункттан турган сунуш, анын ичинде өзгөчө кыйноолого көңүл буруу керектиги белгиленген. (AzK)

XS
SM
MD
LG