Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Ливия: Союздаштар козголоңчуларга 1 миллиард доллар берет


Муаммар Каддафинин бийлиги кулагандан кийинки пландарды талкуулаган Батыш жана араб өлкөлөрү аны менен согушуп жаткан козголоңчуларга бир миллиард 300 миллион доллар бөлүү тууралуу макулдашты. Ливия боюнча Байланыш тобунун Абу-Дабидеги жыйынына АКШнын, Франция, Британия, Катар, Кувейт, Иордандын өкүлдөрү катышты. Австралия менен АКШ да козголоңчулардын Убактылуу Улуттук кеңешин ливия элинин мыйзамдуу өкүлчүлүгү деп таанышты. Эгер кеңеш расмий таанылса, ага дагы башка каржылык жардам көрсөтүүгө жол ачылат.

XS
SM
MD
LG