Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Реза Хода Сабыр абакта ачкачылык акциясы кезинде жан берди


Ирандын түрмөсүндө он күндүк ачкачылык акциясынан кийин белгилүү журналист жана адам укугун коргоочу Реза Хода Сабыр инфаркт болуп, көз жумду. Ал эки жыл мурда Махмуд Ахмединежад кайра президенттикке шайлангандан кийин болгон анти-өкмөттүк толкундоолорго катышканы үчүн эркинен ажыратлган.

50 жаштагы Реза Хода Сабыр маалыматка караганда, коопсуздук кызматтарынын укук коргоочу Халех Сахаби айымдын өлүмүнө алып келген аракетине каршы ачкачылык жарыялаган эле. Түрмөдө отурган Сахаби айым атасынын тажиясына барып, ошо эле күнү кечинде инфарктан жан берген.

XS
SM
MD
LG