Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Транзиттик борбордун жетекчиси алмашты


Бүгүн Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев АКШнын Борбордук командачылыгынын Аба аскерий күчтөрүнүн башчысы Гилмар Майкл Хостэж менен Бишкекте жолугушту. Генерал-лейтенант Гилмар Майкл Хостэж кыргыз тарапка эл аралык “Манас” аба майданындагы Транзиттик жүк ташуучу борбордун жаңы директору Жеймс Жакобсонду тааныштырды. Буга дейре борбордун директорлук кызматын Дуайт Соунс аркалап келгени маалым.

Жолугушуу учурунда тараптар Борбор Азия аймагындагы жана Ооганстандагы аскерий-саясий кырдаалды талкуулашты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. (EK)

XS
SM
MD
LG