Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:40

Түрк өкмөтү Кыргызстандагы ооруканаларга жардам берет


Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, Түркиядан Кыргызстанга дарыгерлер тобу келди. Алар иш сапарынын жүрүшүндө Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы бир катар ооруканаларды кыдырып, абалдары менен таанышат. Андан соң кыргыз дарыгерлерине конкреттүү жардам берүүнүн жол-жоболорун сунушташмакчы.

Түрк өкмөтүнө караштуу Кызматташуу жана өнүктүрүү башкармалыгынын (ТИКА) колдоосу менен учурда Ош шаарында 150 орундуу оорукана салынып жатат. Ошондой эле Ош менен Жалал-Абад шаарларындагы ооруканаларды баштан аяк оңдоо да каралган. Бул иштерге түрк өкмөтү 260 миллион сом жумшоону пландаштырууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG