Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана медайымдар ассоциациясы кан басымы туруктуу болбогон адамдарга медициналык кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу үчүн мониторинг жүргүзүүдө. Иш-чара 26-июнга чейин Талас жана Нарын облусунун бардык райондорунда өтөт. Мониторингдин жыйынтыгында кызмат көрсөтүүгө бериле турган жардамдарды уюштуруу, башкаруу мүнөзүндөгү маселелер талкууланат.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда калктын 30% ашуунунун кан басымы жогору болсо, кан басымын билбегендердин саны андан да көп. Кыргызстан 30 жылдан ашуун убактан бери туруктуу майыптыкка алып келүүчү инсульт дарты жагынан дүйнөдө биринчи орунда турат. Бул тууралуу Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана медайымдарынын ассоциациясынын маалымат кызматы билдирет. (КЕ)