Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри келет


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева бүгүн өткөн маалымат жыйынында билдирди. Казакстандын премьер-министри Карим Масимов кыргыз-казак мамлекеттер аралык кеңештин отурумуна катышат.

Андан кийин август айында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанга келиши күтүлүүдө. Бул иш сапардын алкагында эки тараптуу кызматташуулар, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына инвестиция салуу боюнча сүйлөшүүлөр болот. Роза Отунбаеванын билдиришинче, казак инвесторлору Кыргызстанга келүүгө кызыкдар, бирок алар азыркы өлкөдөгү абалга баам салып, президенттик шайлоонун жыйынтыгын күтүп жатышат. (AzK)

XS
SM
MD
LG