Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

К.Үмөтов: Кыргызстандагы абактарда абал туруктуу


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Тарбия бөлүмүнүн жетекчиси Казыбек Үмөтов билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү жаза өтөө жайларында айрымдар белгилегендей кооптуу жагдай байкалган жок:

“Өкмөттүн 10-июнга карата токтомунун негизинде ушул айдын жыйырмасына чейин күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз. Бүгүнкү күндө ар бир мекемеде абал тынч. Эч кандай орчундуу маселе, жагдай деле болгон жок. Күнүмдүк тартип сакталууда”, - деди Үмөтов.

Кечээ Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Эрнст Исаев маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстанда абакта жаткандар козголоң чыгарышы ыктымал экендигин жар салып, бийликтегилер тез арада чара көрүшпөсө, президенттик шайлоо үзгүлтүккө учурашы мүмкүндүгүн айтып чыккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG