Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

ПРООН Ошто жаштарды ишкерликке үйрөтүп жатат


Бүгүн Ош шаарында “Өзүңдүн бизнесиңди башта” деп аталган окутуу башталды. ПРООНдун өкүлү Сүйүн Айдаров бул июнь коогасында жабыркаган аймактын жаштарын колдоого багытталган иш-чара экенин “Азаттыкка” билдирди. Окутуу 25-июнда аяктайт жана анда жаштар ишкерликтин негиздерин, бизнес-план түзгөндү, ишкерликти баштоонун укуктук жактарын үйрөнүшмөкчү. Окутууга Ош шаарындагы алты лицейден 120 улан-кыз катышып жатат. ПРООН ушул жылдын 25-апрелинен бери Ош менен Жалал-Абадда 600дөй жаш жарандарды эмгек базарындагы керектүү адистиктер боюнча окуткан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG