Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:55

Отунбаева: Мамлекеттик тилге башка өңүттөн караганга убакыт келип жетти


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “Борбор Азиядагы улуттук азчылыктардын укуктары, алардын коомдук иштерге натыйжалуу катышуусу” тууралуу аймактык конференциясында айтты. “Эч ким башка тилдерге кысым көрсөткөн жок, бирок биз мамлекеттик тилге башка өңүттөн караганга милдеттүүбүз” – деди өлкө башчысы.

Отунбаева “улуттук азчылык өкүлдөрү мамлекеттик кызматтарга, жергиликтүү өзүн өзү башкарууга жакшы эле тартылат” – деп, бул үчүн ириде кыргыз тилин билүү негизги шарт экенин белгиледи. Президент Кыргызстанда башка улут өкүлдөрүнүн эми коомдук тартип коргоо жана армияга тартуу боюнча аракеттер көрүлүп жаткандыгын кошумчалады. (EK)

XS
SM
MD
LG