Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Саудиялык аялдар унаа айдоого уруксат берүүнү талап кылышууда


Cаудиялык аялдардын уюмдары Батыштын көрүнүктүү дипломаттарына кайрылып, падышалыктагы аялдардын машине айдоо укугун колдоону суранышты. Саудиянын аял айдоочулар үчүн уюму дүйшөмбү күнү АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтонго жана Европа Биримдигинин Тышкы саясат боюнча комиссары Катерин Эштон айымга кат жолдошуп, Батышка союздаш өлкөдө аялдардын да унаа айдоосуна жардамдашууну өтүнүштү. Өткөн жума күнү аялдардын унаа айдоосуна тыйуу салган мыйзамды алып салуу өнөктүгүн баштаган саудиялык кырктай аял ошол замат камакка алынган.

XS
SM
MD
LG