Эл аралык валюта корунун аткаруучу кеңеши үч жылдык программанын алкагында Кыргызстанга 106 миллион доллар насыя берүү тууралуу келишимди бекитти. Аталган кордон билдиришкендей, насыя саясий каатчылыкты баштан кечирген өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө, бюджеттеги таңсыктыкты жоюуга жумшалмакчы. Кыргызстанда быйылкы бюджеттеги таңсыктык 21 миллиард сомду түзүүдө. (EBM)