Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:44

МАИ инспекторуна кол көтөргөн айдоочу сот жообуна тартылат


Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы МАИ инспекторуна кол көтөргөн айдоочуга козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштерин жыйынтыктады. Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы маалымат таратты.

18-апрелде кызмат учурунда МАИ инспектору А. Конорбаева жол эрежелерин бузгандыгы үчүн Баспаев аттуу айдоочуну токтотуп, күбөлүгүн сураган учурда чатак чыгып айдоочу инспектор айымга кол көтөргөн.

Инспектор ИИМ алдындагы бейтапканага мээси чайкалып түшүп, айдоочу шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан камакка алынган эле. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жыйынтыкталды. Баспаевге бийлик өкүлүнө күч колдонду деген айып коюлууда. (EK)

XS
SM
MD
LG