Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Эл аралык валюта корунун жаңы жетекчиси шайланды


Франциянын каржы министри Кристин Лагард эл аралык каржы уюмунун алгачкы аял жетекчиси жана Валюта корунун башчылыгына келген бешинчи француз болот. Лагарддын талапкерлигин кечээ Вашингтондогу жыйында Эл аралык валюта корунун кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү колдоду.

Жаңы баш директор кызматына расмий түрдө 5-июлдан тарта киришет. Валюта корунун мурдагы башчысы Домник Строс Канн Нью-Йоркто мейманкана кызматчысын зордуктоого аракеттенген деген айып тагылган соң кызматынан чегинген.

XS
SM
MD
LG